Коом

ӨКМ кайсы аймактар сел жүрүү жана таш кулоо коркунучунда экенин айтты

9-10- сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсү мүмкүн.

Бул тууралуу ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, сел жана таш кулоо кырсыктары болушу мүмкүн деген аймактар: Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, жана Токтогул, райондорунда, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Араван жана Кара-Кулжа райондорунда, Баткен облосунун Лейлек районунда жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында.

Төмөнкү унаа жолдорунда таш кулашы жана сел жүрүшү мүмкүн:

❗Бишкек — Ош унаа жолунун 150-246 чакырымдарында;

❗Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымдарында;

❗Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 43-190 чакырымдарында;

❗Балыкчы —Бөкөнбаев —Каракол унаа жолунун 90-200 чакырымында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button