Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда жети айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны 8 миң 956 болгон.
ИИМдин отчетунда айтылгандай, аталган убакыт аралыгында өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1622 окуяга же 22,1 пайызга көп үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан факт катталган.
Айыптууларга 7 985 убактылуу кайтаруу ордери берилген, алардын 7 миң 599у эркектер же 95,2 пайызы, ал эми 386 же 4,8 пайызы аялдар.
7 985 кайтаруу ордеринин ичинен: аялдарга – 7 432, эркектерге 375, эрезеге жете электерге 178 берилген.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренеси “Үй-бүлөлүк зомбулук” боюнча 2473 протокол түзүлүп, анын 2324ү сотко жөнөтүлгөн. Натыйжада 828 адам коомдук жумуштарга тартылып, 1154 адам камакка алынган.
Ошол эле учурда Кыргызстанда жети айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 317, адам өлтүрүү боюнча 19 кылмыш иши козголгон.



