Коом

Ош шаарындагы түнкү клубдун алдында тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалды

2024-жылдын 8-сентябрынан 9-сентябрына караган түнү болжол менен саат 02-00до Ош шаарында жайгашкан «Sky bar» түнкү клубдун алдында 1996-жылы туулган К.М.ны бейтааныш жарандар сабагандыгы боюнча Ош шаардык ИИБге маалымат түшкөн. Аталган билдирүү Ош шаардык ИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.


Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө сабалып, ооруканага түшкөн жаран Ош облустук ИИБдин Кара-Суу РИИБнын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын ага лейтенанты К.М. экендиги аныкталган. Анын денесиндеги жараатты аныктоо максатында соттук медициналык экспертизасы дайындалган.
Ал эми окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суракка алынган.


Аталган жагдай боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн тийиштүү кызматкерлерге атайын тапшырмалар берилген. Ошондой эле, бул окуя боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, жогорудагы окуя боюнча шектүүлөр аныкталып, 4 жаран кармалды. Алар Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары 2001-жылы туулган К.А., 2002-жылы туулган Т.У., 2003-жылы туулган А.А., жана Ош шаарынын тургуну 2001-жылы туулган К.Э.. Бул жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button