Коом
Жакында Бишкекте 900 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Бишкек шаарынын Түштүк-пландоо зонасында 900 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу аяктоо алдында турат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда имаратка эмеректер орнотулуп, ички тазалоо жана сырткы спорт аянтчаларын куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Жалпы аянты 7 миң чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, ашкана, азык-түлүк сактоочу кампа, китепкана жана заманбап спорт залы каралган. Ошондой эле мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол ойноого арналган ачык спорт аянтчалары курулууда.



