Коом
Эт кымбаттоодо — депутат менен Антимонополиянын билдирүүсү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов күн сайын эт кымбаттап жатканын, буга тийиштүү кызматтар көңүл бурушу керектигин айтты.
«Малдын баасы менен эттин баасынын айырмасы чоң болуп жатат. Мал базарда арзан болуп жатканына фермерлер нааразы болуп жатышат, бирок ошол эле убакта эт кымбат»,- деди депутат.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрага орун басары Айбек Мамыралиев мындан он күндөй убакыт мурда Биринчи радиого берген маегинде этти экспорттоого убактылуу тыюу салынганын, ошондуктан эт кайра арзандап баштаганын айткан болчу.



