Коом

Бишкекте жаңы курулган ден соолукту чыңдоо комплексинин жана сейил бактын ачылышы болду

Бүгүн, 19-сентябрда  Бишкек шаарында Мурман жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан сейил бак менен Ж.Алыкулов атындагы ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылыш аземи болуп  өттү. Жалпы аянты — 2,48 гектарды түзөт.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Кыргыз дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев катышты.

Сейил бактын аймагына резина жабылган балдар аянтчасы, воркаут-зона, 810 чарчы метр чуркоо жолу  курулуп, 3 300 чарчы метр таман таш төшөлдү. Ошондой эле отургучтар, жарыктандыруучу чырактар, шахмат столу бар аянтча  жана таштанды урналары орнотулду.

Мындан тышкары, 150 даана дарак (липа, чынар, мажүрүм тал) отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен 414 даана суу агызуучу жана дренаждык лотоктор орнотулду.

Аталган объект шаарды жашоого ыңгайлуу кылуу, спортту өнүктүрүү жана жашыл фондду көбөйтүү максатында ишке ашырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button