Коом

Депутат Дастан Бекешев милиционерлерди видеого тартууга тыюу салуу демилгесине каршы

Бул тууралуу Дастан Бекешев Телеграм-каналына пикирин жазып чыкты. Ал депутаттардын тобу эреже бузуулар боюнча Кодекске өзгөтүү киргизүүнү сунуштап жатканын — анда милиция кызматкерин видеого же сүрөткө тартып, интернет жарыялагандарды жоопко тартуу демилгеленгенин билдирди.

«Милиция кызматкери жолдон жаш балдардын же карылардын өтүүсүнө жардам берип жатканын видеого тартсаңар, силерге эч ким рахмат айтпайт. Бирок эгер милиционер коомдук жайда, мисалы, сөгүнүп же даарат ущатып жатканын же кимдир бирөөнү сабаганын видеого тартсаңар 5 миң сом айыппул төлөйсүңөр же убактылуу кармоочу жайда беш суткадан жети суткага чейин отуруп чыгасыңар», — деди Дастан Бекешев.

Анын айтымында, мунун баары жаман кесепеттерге алып келет. Жарандар ГАИ кызматкерлеринин эреже бузууларын видеого тарта албайт, анткени бул үчүн камалып калышы мүмкүн. Ошентип, өз чындыгын далилдей албайт. Анан да бул нерсе соттун эмес, милициянын көзөмөлүндө болот. «Эң жаманы, бул күн сайын милиция кызматкерлери менен жолуккан жөнөкөй жарандар менен болушу мүмкүн», — деген депутат жарандарды бул документти токтотуу үчүн президентке кайрылууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button