Коом
Ташиев көз боемочулукка шектелип кармалган бажасы абактан качан чыгаарын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кызыл-Кыя шаарында УКМК бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда жездеси качан бошотулаарын айтты.
Эске салсак, Ташиевдин бажасыушул жылдын июль айында көз боемочулукка шектелип кармалган.
«УКМКнын абагында учурда жубайымдын бир тууган эжесинин күйөөсү отурат. Убагында ал жакшы кызматтарда иштеген, милициянын полковниги. Бирок менин атымды жамынып алып туура эмес иштерди жасаган. Үч ай абакта отурат. Ал биринчи алдап алган акчасын кайтарат, андан кийин мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат, андан кийин гана эркиндикке чыгат», — деди ал.



