Коом

Садыр Жапаров президенттерден биринчи болуп Баткендин Зардалысына барды

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы келерки жылдын жазында калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.   

Айыл тургундары президентке ыраазычылык билдирип, бул мамлекет башчынын алардын конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешкен.   

Жашоочулар жолдун, электр энергиясынын жоктугу аймактагы негизги көйгөйлөр экенин билдиришти. Мындан тышкары, уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты.   

Жапаров президенттик администрацияга бул боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергени маалымдалды.  

@admin

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button