“Манас” эл аралык аэропортунда зер буюмдарды текшере турган пост ачылды
“Манас” эл аралык аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдары импорттоо-экспорттоо учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул иштер өлкөдө баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жасалууда.
Адистештирилген атайын посттон ишкерлер мамлекеттик жана бажы көзөмөлүнөн өтүүсү ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.
Атайын постто мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү үчүн төмөнкү процедуралар аткарылат:
— тиешелүү документтер текшерилет;
— алып келинген жана алып чыгарылуучу буюмдардын курамында баалуу металлдардын жана асыл таштардын бар экендиги аныкталат;
— зер буюмдарынын санын эсептеп, салмагын тартып, үлгүсү аныкталат жана мамлекеттик көзөмөл актысы даярдалат.
Эми ишкердик субъекттерге бажы кызматынынын жол-жоболоштуруу процессин бир жерден эле улантууга мүмкүндүк берет.