Коом

Октябрь ичи аялдар бир катар ооруларга бекер текшериле алышат. Алар кайсылар?

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Аялдар ден соолугу» бир айлык акциясын баштады. Бул октябрь ичиндеги күндөргө гана тиешелүү. Бир айдын ичинде өлкөдөгү аялдар өздөрү жашаган аймак боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана медайымдарга кайрылышып, бир катар инфекциялык эмес оорулар боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат.

Алар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына, кант диабетине чалдыгуу коркунучтары бар-жогун аныктап, жугуштуу эмес оорулар боюнча кеңештерди алышат.

Бул акциянын максаты — 18 жаштан өткөн кыз-келиндерди жугуштуу эмес оорулар боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн медициналык мекемелерге кайрылууга үндөө.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы төрт жылда 15 миңден ашуун аял кант диабети менен каттоого алынды. 45 миң аялда биринчи жолу гипертония аныкталган. Мындан тышкары, эмчек безинин жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында көбөйүп, ал өлүмгө жеткирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button