Дарыгер гепатит А кандай шартта жугаарын айтып берди

Гепатиттин А түрү төрт жылда бир күчөйт, айрыкча жаз-күз айларында болот, деп билдирди Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Чолпон Идирисова «Биринчи радионун» түз эфиринде.
Айтымында, учурда бул дартка кабылып ооруканага кайрылгандар көбөйүүдө.
«Арасында 6 жаштан 14 жашка чейин балдар көп. 40 бейтап болсо, анын отузу жаш балдар. Бир өзгөчөлүк болуп атат — бир үй-бүлө толук кайрылгандар болуп жатат. Беш баласы болсо беш, алты баласы болсо алты баласы менен жаткан үй-бүлөлөр бар. Биз эпиданамнез чогултканда көбүнчө каникул учурда Жалал-Абадка, Баткенге барышкан балдар, анан Чүйдө Васильевка, Сокулук айылдарынан келгендер көп», — деди дарыгер.
Айтымында, А түрүндөгү гепатит ичеги-карын вирусу болуп саналат, кир кол менен жугат. Мектеп жана бала бакчага барган балдардын арасында көп болгонунун себеби баары бир предметти кармаганда бири бирине жугат. Ошондой эле суу, тамак-ашка колдонулуучу идиш-аяктар менен да жугат.



