Коом
Ошто окуучуларды бекер ташыган автобустар каттамга чыкты

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, бул автобустарга башка жүргүнчүлөр түшүрүлбөйт. Бир гана окуучулар үчүн көрсөтүлгөн багыттар боюнча каттайт.
Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эртең менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт. Үч багыт боюнча экиден автобус жүрөрү эскертилди.