Коом
Мэрия коомдук транспортто накталай төлөнгөн жол кирени кымбаттатууну сунуштады

Учурда накталай эмес төлөм 17 сомду, накталай жол кире 20 сомду түзөт. Калаа бийлиги жол кирени көтөрүүнү сунуштап, бирок канчага экенин айткан жок.
Мындай чара жүргүнчүлөрдүн накталай эмес төлөмгө өтүшү үчүн керектиги айтылды.
Мындан тышкары, бир жолу төлөп, белгилүү мөөнөткө чейин коомдук транспортто жүрүүгө уруксат берген тарифти киргизүү каралууда.



