Коом

Шайлообек Атазов Ош шаарындагы стадиондун бөлүгү анын энчисине кантип тийгенин айтып берди

Суу ресурстары министрлиги мурдагы депутат Шайлообек Атазовго ал 2022-2015-жылдары бокс боюнча машыктыруучу болуп турган маалда Ош шаарындагы стадиондун бир бөлүгү мыйзамсыз берилип кеткенин жарыялаган.

Буга байланыштуу экс-депутат соцтармактагы баракчасына окуянын чоо-жайын жазды.

“Мен Ош шаарында 2002-жылдан 2009 жылга чейин курама команданы машыктырып теренер болуп иштедим. Көптөгөн жаштарды Кыргыз Республикасынын жана Азиянын чемпиону кылып даярдоого жетиштим. Ош шаары экинчи борбор статус алгандан бери өз курама командасын республикалык мелдештерге коюп ар дайым 6 -орундан жогору чыкпаган экен. Мен шаарга бокс боюнча башкы машыктыруучу болуп келгенден кийин Ош шаарын Республикалык Спартакиадада 1-орунга алып чыктым. Эбегейсиз эмгек жумшалды. Өзүм үлгү көрсөтүп бокс боюнча 4-Спартакиаданын чемпиону болдум. Спорттогу баардык ийгиликтеримди эске алып Ош шаардык кеңешинин ошол кездеги депутаттарынын сунушу менен Ош мэриясы мага 84 чарчы метр жер участок белек беришкен эле. (Жок дегенде 1 сотых кылып коюшса жакшы болмок… Же квартира эле беришсе сүйүнмөкмүн). Кудай сактап бир метр жерине да тийген эмес экенмин. Кандай берсе ошондой турган. 2015-жылы жол чоңойтобуз деп мэрия кайрадан жарымын кыркып алышкан. Учурда 40 чарчы метр калган болчу. Ошону сот чечими менен ушул жылдын сентябрь айында мэрияга кайра алыптыр», — деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button