Садыр Жапаров Кумтөрдөгү «жыландар уюгун» козгойм деп, кыйла душман жыйнады

Кайсы өлкөдө болбосун, кандайдыр бир маселени чечиш үчүн мамлекет башчысынын саясий эрки негизги ролду ойнойт. Эрк болбосо, эртеңинен корксо — анда иш да жылбайт.
Учурда президент Садыр Жапаров өзү көп жылдан бери көтөрүп келе жаткан Кумтөр маселесин чечүүгө бел байлады. Анын буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия канчалаган жылдар бою жашырылып келе жаткан бузууларды аныктап, кыргыз элинин байлыгын тоноп келаткан келишимдердин бетин ачты.
Кыргызстандан алтын тонналап ташылып, чет элдик компания менен акцияларды басып отурган бир ууч олигархтар эле байыптыр да көрсө!
Эми ошол мафия Садыр Жапаровго тиш кайрап жаткан кездери. Болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, блогер, журналист, сайт, фейк, саясий топторду — баарын сатып алып, Жапаровго чабуулду дээрлик күчөтүштү.
Алардын бул аракеттери эмнеден чыгаарын ким билет, бирок жалпы “мен кыргызмын” деген карапайым эл жана патриот төбөсү көрүнгөн инсандар президенттин мындай кадамдарын колдоп эле жатышат. Анткени мындай учурларда жеке кызыкчылыкты эмес, мамлекеттин, жалпы улуттун кызыкчылыгын жогору коюш керек.
Садыр Жапаров көп жылдык жыландар уюгун козгоп койду, эми душмандарга аны жедирбешибиз керек.
Буюрса, эл аралык аренада дагы Садыр Жапаров менен эсептешүү, эгемен стратегиялык маанилүү мамлекеттин башчысы катары кабыл алуу маанайлары байкалууда.
Кечээ жакында эле Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу жемиштүү болгонун, жакшы маанайда өткөнүн баарыбыз көрдүк.
Бул сапарга чейин Атамбаевчилер Путин жана Россия Сапар Исаковду колдоп жатыптыр, Садырга көзү түз эмес экен деген имиштерди таратышып, элдин башын адатынча айлантууга өтүшкөн.
А бирок бул сапар РФ бийлиги расмий бийликти гана кабыл алып, аны менен гана кызматташууга барарын ачыктап койду.
Ал эми Түркия болсо боордош, бир тууган эл катары бизди боорго тартып, Жапаровго болгон колдоосун эбак билгизген.
Мындай шартта өлкө башчысын колдоо, манипуляцияларга жол бербөө, бекем жана бирге болуу абдан маанилүү!
Сагындык Белекбаев



