Коом

Бишкекте троллейбус толугу менен жок кылынбайт, айрымдары калат

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков Бишкекте бардык троллейбустар алынбай турганын билдирди.

Айтымында, бүгүн борбор калаада 46 троллейбус линияга чыгып жатат.

«Биз троллейбустук линиялардын бардыгын албайбыз, айрымын калтырабыз. 120 заманбап электробустарды сатып алып жатабыз, троллейбустарды аларга алмаштырабыз», — деди ал.

Алымбеков белгилегендей, магистралдан баштап Байтик Баатыр көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин бардык троллейбустук зымдар алынып, бардык коммуникация системасын жер алдына өткөрүү иштери жасалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button