Коом
Алдамчылардын тузагы: Алар кайдан жана ким болуп чалышат?

КР ИИМ ЖАМК менен биргеликте абактагыларга текшерүү жүргүзүп, анда табылган телефондорду алышты. Анткени жарандарды телефон аркылуу алдаган алдамчылар абактан да чалуу жасашканы белгилүү болгон.
ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтканына таянсак, жарандар төмөнкүдөй чалуулар болгондо сак болушу керек:
- банктын атынан чалуу.
- дарыга акча топтоо.
- достордун атынан чалуу.
- арзан товарларды сунуштаган чалуу.
- аларга таандык эмес батирди ижарага берүү сунушу менен чалуу.
- лотереядан жеңүүчү болдуңуз, бирок сыйлыкты алыш үчүн алгач акча которуу керек деген чалуу.
- чет өлкөлөргө жумушка орноштурам деген убадалар.
- ыкчам инвестиция тууралуу чалуу.
- ооруканадан же милицияданбыз деген чалуу.
Абдиев эгерде ушундай өңүттөгү чалуулар бейтааныш адамдар тарабынан жасалса, дароо телефонду өчүрүү керек дейт. Ошондой эле, ал алар атын атаган досторго же туугандарга дароо чалып, кабарын суроону сунуштады. Эң негизгиси акча которууга шашпоо керек.



