Коом
Көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Өкмөт көмүрдү Республиканын аймагынан сыртка ташып чыгууга тыюу салган токтом чыгарды. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка ылайык, өлкөдөн көмүр авто транспорт менен (“Эркечтамавтожол” жана “Торугарт-автожол” пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт.



