Коом

Камчыбек Ташиев Талас шаардык Э.Кутманалиев атындагы стадиондун абалы менен таанышты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 12-ноябрь күнү КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Талас облусунун Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун абалы менен таанышты. 1989- жылы курулган стадион ушул күнгө чейин бир канча жолу оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн, бирок азыркы учурда замандын талабына жараша шарттарга муктаж.

Андыктан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  тийиштүү тараптарга стадионду толук кандуу реконструкциядан өткөрүү тапшырмасын берип, Талас шаарынын тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүү талабын койду.

Э.Кутманалиев атындагы стадион жалпы 2300 орунга ылайыктуу болуп, анда көрүүчүлөр отуруучу имараттын ичинде ар кандай спорттун түрлөрү боюнча бөлмөлөр, спортчулар үчүн жатакана, чечинүүчү, жуунучу бөлмөлөрү бар.  Деген менен алардын басымдуу бөлүгүнүн эскилиги жеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button