Коом
Аксыда дизель ташып бараткан унаа оодарылып, күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен — Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, өрттөнүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Окуя кечээ, 23-август күнү, түшкө маал болгон.
«Унаа ичиндеги 8 куб дизели менен кошо күйгөн. Жалын жол боюндагы тоого жармашып, 15 гектар куураган чөп күйдү. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 18:07де толук өчүрүлдү. Жаракат алгандар жок», — деп айтылат маалыматта.



