Коом

10 айда туннелдер аркылуу жүрүү үчүн 200 миллион сом чогулду

Үстүбүздөгү жылдын он айында «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттеринде 200 миллион сом чогултулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы тоннелдер аркылуу жүрүү акысынын суммасы 64 миллион сом, 2021-жылы 71 миллион, 2022-жылы 145 миллион, 2023-жылы 197 миллион сом болгон.

Үстүбүздөгү жылы аталган өткөрүү пункттары аркылуу унаалардын өтүү интенсивдүүлүгү 2 миллион 890 миң автоунааны түздү.

Депутат Руслан Жакишев министрдин орун басарына «Сосновка» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине нааразы болду.

«Бул өткөрмө пунктунда дайыма унаалардын чоң тыгыны болот. Унааларды текшерүүгө укугуңуз жок, ар бир айдоочудан болгону 50-100 сомдон алып, ушундай кезектерди жаратасыз. Төрт посттун экөө гана иштеп жатат», — деди ал.

Бекназар Базаралиев баардык посттордун кызматкерлеринин дайыма иш ордунда болушун камсыздап, төрт пост аркылуу автоунааларды өткөрө турганын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button