Коом

Тогуз-Торо милициясы мал уурулук менен алектенген шектүүнү кармады

Тогуз-Торо районунун тургуну 74 жаштагы Райымжан аксакал арызы менен кайрылып, өз арызында 2022-жылдын 13-сентябрынан 14-сентябрына караган түнү Каргалык айыл аймагынын Коён-Токой участкасынан 2 баш уй, 1 баш кунаажын жана 2 баш торпокторун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Натыйжада жабырлануучу Р.Биримбаевге олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча топтолгон материал 24-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тергөө тапшырмасы берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан кечиктирилгис ыкчам иш-чаралар башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун 20 жаштагы тургуну А. у. Н. аныкталып, 26-октябрь күнү тергөөгө камсыздалган. Тергөө учурунда шектүү катары суралып, А. у. Н. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96,97-беренелеринин негизинде Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерге катыштыгы бар жок экендигин аныктоо максатында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

                                             Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button