Коом

Ош шаарында «Милиция менен кофе» аталышында акция өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан жарыяланган «Укук тартип» эки айлыгынын  алкагында, Ош шаарында жарандар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого арналган «Милиция менен кофе» акциясы болуп өттү. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары Ош шаардык ички иштер башкармалыгы болушту.

Иш-чара салтанаттуу ачылыш менен башталып, чогулгандарга шаардык мэриянын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери кайрылышты. Алар өз сөздөрүндө укук тартибин бекемдөөдө мамлекет менен коомдун биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн, ошондой эле жарандар арасында укуктук маданиятты жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Иш-чаранын башкы бөлүгү маалыматтык аймактар болду. Анда шаар тургундары жана меймандары укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен түздөн-түз баарлашып, актуалдуу маселелери боюнча маңыздуу жоопторду алышты. Ошондой эле, ар кандай кылмыштардын курмандыгы болбоо үчүн, тийиштүү коопсуздук жолдору менен тааныша алышты.

Жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу суроолорго жооп берген, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңештери менен бөлүшкөн милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган маалымат аймактары коомчулуктун өзгөчө кызыкчылыгын пайда кылды.

Бул жагдай чогулгандардын арасында жылуу маанайды тартуулап, ар бир адамдын жалпы коопсуздук ишине кошкон салымы маанилүү жана баалуу экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө, шаар тургундарына коопсуздук багытында ар кандай конкурстар өткөрүлүп, туура жооп берген жарандарга атайын белектер тапшырылды. Андан тышкаркы ысык чай уюштурулуп, анын жүрүшүндө шаардык милициянын жетекчилиги менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чаранын  катышуучулары мындай демилгелер ишенимди арттырып, тартип коргоо органдарынын ишин жакшыраак түшүнүүгө жардам берерин белгилешти.

Уюштуруучулар иш-чарага катышкандардын баарына ыраазычылык билдирип, коопсуздук ар бир адамдын коомго активдүү катышуусунан башталаарын баса белгилешти. Коопсуз жана адилеттүү коомду түзүү үчүн мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын уюштуруучулар өзгөчө ишендиришти.

«Укук тартип — бул биздин жалпы максатыбыз жана коопсуз коомду өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Биз жарандарга жакын болууга, алардын суроо-талаптарын угууга жана актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө умтулабыз. Мындай иш-чаралар бизге коомчулук менен ишенимди бекемдөөгө жана шаардын ар бир тургуну менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жардам берет», — деп жыйынтыктады Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button