Саясат

Аман Салиев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Аман Салиев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин ал Кыргыз-Орус Славян университетинин Стратегиялык талдоо жана болжолдоо институтун жетектеп келген.

Эске салсак, Аман Салиев атайын кызматтын кызматкери Акылбек Салиевдин уулу, ал дагы бул институтту көп жылдар жетектеген. 2020-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button