Коом

Бийликти басып алууга даярдык. Бишкекте дагы бир экс-прокурор кармалды

Бишкекте Башкы прокуратуранын У.А. аттуу мурунку кызматкери кармалганын Sputnik агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.  

Маалыматта айтылгандай, экс-прокурорду ИИМ кызматкерлери колго түшүргөн. Алдын ала маалымат боюнча У.А. 17-ноябрда бийликти күч менен басып алууга даярдык боюнча козголгон иштин алкагында шектүү катары кармалган. Учурда массалык башаламандыкка, уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө же ага катышууга, ошондой эле бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө айыпталып жатат.

Буга чейин аталган иш боюнча башкы прокурордун орун басары Кубаны Адыл уулу баш болгон бир катар адамдар кармалган болчу. Тергөөнүн берген маалыматы боюнча алар Бишкетин жака-белинде спорт оюндарын өткөрүп, анын жүрүшүндө элди зомбулук актыларына үндөп, антиконституциялык чакырык салып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө (17-ноябрда) бийликти күч менен басып алуу максаты менен абалды туруксуздаштырууну пландашкан.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен У.А. 9-январга чейин камакта болот.

Булак: Спутник маалымат агенттиги

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button