Кыргызстанда электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти
Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Мынданулам Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды эртең менен жана кечинде электр кубатын үнөмдүү колдонууга чакырууда.
Электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 млн киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 млн киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган.
«Учурда электрди ашыкча колдонгон аймактарда энергетиктер абоненттерди башка линияга которууда. Буга бир-эки сааттык убакыт талап кылынат. Бул учурда свет өчөт. Эгерде мындай чара көрүлбөсө, кымбат жабдуулар иштен чыгышы мүмкүн», — деп эскертет министрлик.
Ошондой эле энергияны колдонуу ушундай темп менен кетсе, 2025-жылдын 1-апрелине карата Токтогулдагы суунун көлөмү кооптуу көлөмгө түшүп калары айтылды.