Коом
Жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоор ЖКда үчүнчү окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңеш 19-декабрдагы жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Документти 68 депутат колдоду. Төрт эл өкүлү – Элдар Абакиров, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев “каршы” добуш берди.
Мыйзам долбооруна президент кол койсо эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.



