Коом

Ошто 26 жаштагы жаран жездесинин унаасын уурдап кетип, кайра өзү издешкен

Облустук милицияга 57 жаштагы киши кайрылып, 15-декабрда үйүнүн алдында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү машинасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айткан. 

Милиция сүзүлүп, талкаланган автоунааны шаардагы көчөлөрдүн биринен тапкан. 

Тергөө учурунда автоунааны арыз жазган кишинин кайниси уурдап кеткени аныкталган. 

Ал айдап кеткен күнү эки машинаны сүзүп, Honda Fit жараксыз болуп калганда көчөлөрдүн бирине таштап кеткен. Ачкычын эже-жездесинин үйүнө алып келип, ордуна коюп койгон. Жоголгон машинаны жакындары менен кошо «издешкен». Учурда тергөө уланууда. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button