Коом

Бообек Ажикеев Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө иштерин көзөмөлдөдү

Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 17-январь күнү улана турчу издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.

Мындан сырткары, куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден-соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты.

«Бүгүн караңгы киргенине байланыштуу издөө иши убактылуу токтоду. Куткаруучулар жеринде түнөккө калып, эртең таң эрте издөө иши уланат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-январда Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө бүгүн ӨКМдин 64 куткаруучусу, кинолог, техникалар жана 5 дрон менен тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button