Коом

Бүгүн Кыргыз-өзбек-тажик өкмөт башчылары чек араны талкуулашат

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Маалыматта үч тараптуу жолугушуу 2025-жылдын 8-январында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болору айтылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button