Коом

Каракол америкалык Condé Nast Traveler журналынын версиясы боюнча 2025-жылы барууга сунушталган 25 мыкты жердин тизмесине кирди

Авторлор аны «Борбор Азиядагы эсте каларлык укмуш саякаттоонун борбору» деп аташкан.

«Каракол — дүйнөдөгү эң мыкты туристтик багыт. Жаратылыштын кооздугу, маданий ар түрдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Шаарда ат минүү, кайыкта сүзүү жана параплан менен учуу сыяктуу көптөгөн кызыктар бар. Мындан тышкары, Каракол маданий мураска бай. Мисалы, 1907-жылы кытай чеберлери тарабынан «пагода» стилинде курулган дунган мечити, ашлям-фу тамагы жана кооз жыгач үйлөр саякатчыларды суктандырат», — деп жазган журнал. 

Басылма эл аралык аэропорттун ачылышы менен Каракол туристтер үчүн дагы жеткиликтүү болгонун белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button