Коом
Катуу жааган жамгыр, суу ташкыны. Түркияда 3 адам каза тапты

Кечээ, 5-сентябрь Түркиянын Стамбул шаарында нөөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Шаар көчөлөрүн каптаган сел жергиликтүү тургундардын жашоосуна коопту абал жаратты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
Өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликаякатуу суу ташкынынан улам үч адам каза тапканын, дагы бешөө ар кандай жаракат алганын билдирген. Шаар көчөлөрү сууга толуп, селдин чоңдугунан улам транспорт кызматтары дагы сууга туруштук бере алган эмес.
Суу ташкынынан улам айрыкча Арнавуткей, Башакшехир жана Кючукчекмеже аймактары көбүрөөк жабыркаган.



