Коом
Депутат Аида Исатбек кызы Эдил Байсаловдун дагы бир жоругун айтып, чара көрүүнү талап кылды

Анын айтымында, ЖКнын Социалдык саясат комитетинде жөлөк пулдар боюнча маселе каралып жатканда өкмөт башчынын орун басары “менин буга тиешем жок” деп залдан чыгып кеткен. Исатбек кызы ал парламентти сыйлабай, аброюуна шек келтирди деп эсептейт.
Төрага аткаминер мындай жүрүм-туруму үчүн сөзсүз жооп берерин айтты.
“Буга чейин акыркы эскертүү менен кечирим сураган эле. Ар ким өзүнүн мүнөзүнө жараша жоопкер болот. Бул маселени көз жаздымда калтырбайбыз”, — деди Нурланбек Шакиев.



