Коом
25-январга карата аба ырайы

Ишембиде өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Талас облусунда +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +4…+9 градус жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…-6, Нарын жергесинде -2…-7 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +6…+8 градуска чейин көтөрүлөт.