Коом

Депутат Саккараев Бишкек — Токмок багыты боюнча каттамдардын санын көбөйтүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Саккараев Бишкек — Токмок багыты боюнча каттамдардын санын көбөйтүүгө чакырды.

Анын айтымында, учурда бул багытта коомдук транспорт жетишсиз болуп, өзгөчө тыгын маалында жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп, каттамдар ашыкча жүктөлүүдө.

«Айрыкча час пик убактарда автобустар менен маршруттарда эл батпай калууда. Жүргүнчүлөрдүн агымы улам өсүп жатат. Ошондуктан жарандардын муктаждыгы үчүн коомдук транспорттун санын көбөйтүү, алардын иш графигин кечки саат 22:00гө чейин узартуу жана транспорттун техникалык абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл», — деди ал.

Депутат ошондой эле Токмок шаарынын кире беришине жана чыгышына жол чырактарын орнотуу керектигин белгиледи.

«Учурда бул кооптуу тилке болуп эсептелет. Ал жерден Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу өтөт. Жакында туристтик сезон башталат. Маселе жаралбашы үчүн 1-июлга чейин жол чырактарын орнотуу зарыл», — деди эл өкүлү.

Мындан тышкары, ал Токмокто 76 миң адам жашай турганын айтып, тез жардам унаалары жетишсиз экенине токтолду.

«Азыр шаарда болгону үч тез жардам унаасы бар, анын бири оңдоодо турат. Норматив боюнча ар 10 миң адамга бирден тез жардам унаасы болушу керек. Ошондуктан министрлер кабинетинен Токмоктогу тез жардам унааларынын санын көбөйтүүнү суранам», — дейт эл өкүлү.

Тектеш кабарлар

Back to top button