Коом
Бишкекте таштандыдан ымыркай табылды

Аны Интергельпо көчөсүндөгү челектен окуучулар таап алышкан. Бактыга жараша, бөбөк тирүү, ооруканага жаткырылган.
Кылмыш иши козголуп, укук коргоо кызматкерлери энесин издеп жатканын кабарлашты.
Саламаттык сактоо министрлиги ымыркай кыз бала экенин айтып, ооруканага өтө оор абалда жеткирилгенин билдирди. Бөбөк айына жетпей төрөлгөн, учурда Шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, абалы орточо оор.