Коом

Оштун мэри шаардын абалы менен таанышып чыкты

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты.

Мында калаа башчысы шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсүндө жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди:

— ирригациялык тармактарды толук оңдоп түзөө;
— жашыл аймактарды жаңылоо, оорууга чалдыккан жана эски бак-дарактарды алмаштыруу;
— мыйзамсыз курулуштарды, баш аламан соода түйүндөрүн, ошондой эле кызыл сызыктан өтүп кеткен тосмолорду жана курулуштарды алып салуу;
— тротуарларды ар кандай өзүм билемдик менен коюлган тосмолордон жана бордюрлардан тазалоо сыяктуу иштерди алып баруу.

Алдыда жалпы шаардагы көчөлөрдү оңдоп түзөө менен талапка ылайык келтирүү иштери улантылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button