Окуялар

Милициянын чөнтөгүнө акча салып пара алдың деп коркуткан чет элдиктер кармалды

Окуя кечээ Военно-Антоновка айылында болгон. Чүй облустук ЖКККББнын эки кызматкери кызмат учурунда Mercedes-Benz унаасын токтотуп текшере келгенде айдоочунун күбөлүгү жок чыккан. Унаада чет элдик эки киши болгону айтылат. 

“Транспортту эвакуациялап жатканда чет элдик эки киши милициянын сержантынын чөнтөгүнө 6 миң сом сала коюп, видеого тартып алышкан. Андан кийин видеону соцтармакка жарыялайм деп 2500 доллар талап кыла башташкан”, — деп билдирди Чүй облустук милиция.  

Жыйынтыгында милиционерлерди коркуткан 41 жана 35 жаштагы кишилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button