Коом
Кыргызстанда кундуз түп орду менен жок болду

Мындай маалыматты «Илбирс» фонду өз изилдөөсүнө таянып билдирди. Маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология министрлиги дагы тастыктады.
Кундуз Кыргызстандын сууларын жүздөгөн жылдар бою байырлап келген. Ал балык менен азыктанып, суунун тазалыгын көрсөткөн индикатор болуп саналчу.
“Изилдөөчүлөр менен Чоң Алайдын Чак айылына болгон 2005-жылкы сапарыбызда кундуздун изин көргөн элек. Кундуздун жеми болгон балыктарды өтө азайтып, кундуздун өзүнө капкан салып, сууну бөгөп, токойлорду кыркып отуруп акыры кундузду жоготтук”, — деп билдирди “Илбирс” фонду.
Маалыматта буга чейин өлкө аймагын байырлаган туран жолборсу, кызыл карышкыр, жейрен да жоголгону эске салынат. Экологдор “эми кайсы жаныбар жоголор болду экен” деп суроо салышууда…



