Коом
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги кызматтарынан бошотулду

ИИМ жетекчиси мындай чечимди министрликтин иликтөөсүнөн кийин чыгарды. Буга чейин бул райондук ички иштер бөлүмүнүн бир нече кызматкерлери ар кандай себептер менен, анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча кармалган.
Төмөнкүлөр кызматынан кол жуушту:
Ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмирлан Зарылбек уулу.
Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Турат Жакшылыков.
Кадрлар боюнча жетекчинин орун басары Эрнист Арымбаев.
Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн ар кандай бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын 9 жетекчиси менен орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулушту.