Коом
ЖК сел коркунучу бар аймактардан жарандарды көчүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеште сел коркунучу бар аймактардан жарандарды тезирээк көчүрүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө көптөгөн селдер жүрүп, адамдардын өмүрүн алып жатат.
«Акыркы окуя — Ош—Алай унаа жолунун 58-чакырымында сел жүрүп, кеминде алты адам каза болду. Ушул жагдайда ӨКМдин ишин күчөтүп, сел коркунучу бар аймактардагы жарандарды тезирээк көчүрүү керек. Биз кесепеттерин жоюудан көрө алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз зарыл», — деди Таалайбек Сарыбашов.
Эске салсак, сел жүргөн учурларда көптөгөн жарандар каза болуп, үй чарбаларына олуттуу зыян келтирилет.



