Коом

Тажикстандын кол салуусунан үйү жараксыз болуп калган жаран жаңы үйгө кирди

14-17-сентябрдагы чек ара окуясында үйүнө снаряд түшүп, үйү жашоого жараксыз болгон Баткен шаарынын тургуну Бегали Рахманбердиевдин турак жайы толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жаңы жыл алдынан пайдаланууга берилген турак жай менен 31-декабрь күнү Абдикарим Алимбаев жана Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов таанышып чыкты.

Облус башчысы үй ээлерин жаңы өргөөлүү болушу менен куттуктап, кут алып келген үй болушуна тилектештигин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button