Коом

Бишкекте каза болгон окуучу боюнча иш козголду

Бишкектеги №72 мектептин 8-класстагы окуучусунун каза болгондугу боюнча иш козголуп ар тараптан иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.

Билдирмеге караганда, 10-февралда А.Д. аттуу жаран баласын ажатканадан сабаган мектептин үч окуучусуна чара көрүүнү суранып арыз жазган. Эс учун жоготкон өспүрүм Кардиология борборуна жеткирилип, 4-февралда ооруканада каза болгон.

Маркумдун ата-энесинин доо арызы кылдат каралып, ар тараптуу иликтөө жүргүзүлүүдө.

Факт боюнча Ленин райондук милициясы Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залака келтирүү) боюнча иш козгоду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button