Коом
«Toyota Land Cruiser Prado» авто унаа каражаттарынын аткезчилиги боюнча

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма мамлекеттик номурлуу «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Айдоочу «У.М.М.» көрсөтмөсүнө ылайык, «Toyota Land Cruiser Prado» унаасы коңшу мамлекеттин жаранынан алынган.
Бул факт автотранспорттук контрабандага шектелип, маалыматтык журналына катталган. Учурда материалдарды кароо уланууда.



