Коом

Энергетика министринин мурунку орун басары кармалды

Ал 220 миң доллар пара алуу үчүн энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганын ИИМ билдирди.

Шектүү Т.Э. мындай кылмышка чет элдик инвестициялык компанияга майнинг фермасын ачып берүү үчүн баргандыгы айтылды. Ал сураган паранын 20 миң долларын алып жаткан жеринен кармалган. 

46 жаштагы Т.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Ал 2022-жылы энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалып, бирок сентябрда иштен алынган эле. Бул инициалдарга Эркин Тавашаровдун аты туура келүүдө. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button