Окуялар
Президенттен Жер кодексинин жаңы редакциясына кол койбоону суранган мүлк ээлери Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, петицияга кол топтошууда

Мүлк ээлери бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышат. Активисттер Садыр Жапаровдон документке кол койбоону суранышууда.
Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатышат. Алар чогулгандар кайрылууга кол койгондон кийин дароо тарап кетиши керектигин эскертишти (парламенттин жанында митинг өткөрүүгө сот тыюу салган).
Буга чейин Мамкаттоо жеке менчик Конституцияда корголо турганын айтып, мүлктү алуу негиздери кодекстин жаңы редакциясында өзгөрбөгөнүн белгилеген.