Окуялар

Бишкекте алты адам беш бармак жеп ууланды

Кечээ, 8-июнь күнү кечинде Бишкекте жапырт тамактан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, ууланган алты адам мамлекеттик мекеменин кызматкерлери болгон. Алар үйдөн алып келген чучук кошулган бешбармакты жешкен. Бардык жабыркагандар медициналык жардамга кайрылышкан. Алардын экөө ооруканага жаткырылса, калган төртөө амбулатордук дарыланууда.

Жай мезгилинин ысык күндөрү башталганына байланыштуу санитардык кызмат жарандарды азык-түлүктүн сактоо шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле сапатына шек жаралган тамактарды, анын ичинде үйдөн же ар кандай той-топурлардан калган азыктарды колдонбоо сунушталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button