Коом
Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен өспүрүм куткарылды

Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Ордо-1 конушунун Ю.Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 17 жаштагы М.Р. аттуу бала чуңкур казып жатып, түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамында жабыркаган өспүрүмдү чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Баланын абалы канааттандырарлык.



