Коом

Эски ат майдандын ордуна «Бишкек Сити» курулушу башталды

Мурдагы «Ак-Кула» ипподромунун аймагына мезгил кутусун салууга даярдыктар көрүлүүдө.

2025-жылдын март айында мурдагы “Ак-Кула” ипподромунун аймагында бизнес борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объектилер, сейил бак зоналары бар имараттар комплексинин пайдубалын түптөө пландалууда. Бүгүнкү күндө инвесторлор жер тилкесин тегиздөө иштерин башташты.

2024-жылдын 8-октябрында Министрлер Кабинетинин буйругу менен «РЦА Ливинг» ЖЧКсынын ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоору жактырылган, ага 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган.

Келишимге ылайык, жер тилкесин 49 жылга пайдалангандыгы үчүн шаардык бюджетке 5,8 миллиард сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Ошондой эле социалдык объектилерди куруу (үч жалпы билим берүү мекемеси; үч мектепке чейинки билим берүү мекемеси; сейил бактары; муниципалдык жолдор жана тротуарлар, жогоруда аталган объекттерге инженердик тармактар), кийин аларды Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине 3,5 млрд сом өлчөмүндө акысыз берүү каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button